Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевди дагы бир айга камакта калтыруу чечимин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев маалымдады.

 

Айтымында, тергөө амалдары соңуна чыкты, эми тараптарга иштин материалдарын менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилет. Сот таанышуу убактысын 30-апрелге чейин белгиледи.

 

 “Канат Исаевдин ден соолугу канааттандырарлык. Абакта жаткан адамдын ден соолугун кантип айтуу керек, кыскасы канааттандырарлык десек болчудай”, - дейт адвокат.

 

Канат Исаев 30-сентябрда кармалган. Ага массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айып тагылган.