Алматы шаарында өткөн Шотокан каратэ-до WSKF боюнча Казакстандын ачык кубогунда Кыргызстандан барган спортчулар 10 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медаль утушту. 

 

Мелдеш үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 200дөн ашуун спортчу катышкан. 


Бул тууралуу Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Кыргызстандын атынан Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынын жана Аксы райондук каратэ-до федерациясынын спортчулары барган.

 

Турнир ката жасоо жана кумутэ (спортчулардын жекеме-жеке беттеши) боюнчаэки бөлүктөн өтүп, ката жасоо боюнча Турусбеков Ариет, Доктурбеков Кайрат, Койчубеков Самуил, Мукайбеков Батырхан жана НурматовБообек (2 медаль) алтын тагынышса, Жүзмалиев Бакытбек менен Топчубаев Бекзат экинчи орунду ээлешти. Ал эми Бейшебаев Нурислам, Курманбеков Алмир, Раимжанов Эламан, Мирлан уулу Нурислам, Жолдошалиев Арген, Эрмек уулу  Дархан, Нурболот уулу Бекболот, Анарбай уулуСанжарбек жанаТемирбеков Ырысбек коло медалдын ээси болушту. 

 

Кумутэде болсо Жүзмалиев Бакытбек, Курманбеков Алмир, Койчубеков Самуил, Мукайбеков Батырханбиринчи орунду камсыздашса, Тентимишов Эмир, Турусбеков Ариет, Байышов Эльмырза, Ташибаев Рустам, Темирбеков Ырысбеккүмүш, Абыдкапаров Байбол, Топчубаев Бекзат, Эрмек уулу Дархан, Анарбай уулу Санжарбек, Өмүрбеков Бекболсун жанаНурматов Бообек коло медаль тагынышты. 

 

Ошентип 200дөн ашуун спортчу катышкан турнирдин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биринчи орунду, Аксы райондук каратэ-до федерация экинчи орунду ээледи.