Чыгыш-Казакстан облусунун суу каптаган эки районунда соңку беш күндө 750дөн көп адам куткарылды. Бул тууралуу Казакстан ИИМинин өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

 

Комитеттин маалыматы боюнча көчүрүлгөн адамдардын көбү туугандарынын үйлөрүнө, айрымдары атайын тигилген чатырларга жайгаштырылды. Акыркы кабарларга ылайык, 44 киши үйүнө кайтты.

 

Глубокое жана Шемонаиха райондорунда суу ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалдар жарыяланды. Сел башка аймактарда да болгон. Ушул айда Аякөз районундагы суу ташкынынан ондогон үй жабыркаган.

 

Аймакта суу дагы кирээри, ташкын болоору күтүлүүдө. Синоптитердин божомолу боюнча алдыдагы бир нече күн бою облуста нөшөрлөгөн жамгыр жаайт.