25-мартта Кемерово шаарында жайгашкан "Зимняя вишня" соода борборундагы өрттөн өлгөндөрдүн саны 53кө жетти, 11 кишинин дайыны билинбей жатат. Бул тууралуу ТАСС агенттигине өзгөчө кырдаалдар боюнча оперативдүү штабдан билдиришти.

 

Орусиянын Тергөө комитети 53 кишинин өлгөнү тууралуу маалыматты тастыктады. Жаракат алгандардын саны – 48, алардын 12си ооруканада, бир наристенин абалы оор. Буга чейин Тергөө комитети он баланын мерт болгонун билдирген.

 

Маркумдарды жерге берүү зыйнатына облустук бюджеттен акча бөлүнөт. Кузбасс губарнатору Аман Тулеев набыт болгондордун жакындары 1 миллион рублдан компенсация аларын айтты.

 

Кемерово шаарында жайгашкан "Зимняя вишня" соода борборундагы өрт өчүрүлдү. Куткаруучулар имараттын ичин толугу менен карап чыгышты, бирок кишилер табылган жок. Оперативдүү штабдан маалымдашкандай, кырсыктын келип чыгуу себептери тактала элек.

 

Кемерово облусунун вице-губернатору Владимир Чернов соода борборундагы өрт батуттук залдан башталганын, кимдир бирөө чакмак алып киргенин билдирген. Кийинчерээк өрт кинотеатрда тутанганы тууралуу маалымат тараган. Учурда төрт киши сурак берүүдө, аларын ичинде соода борбордун ээси Надежда Судденок дагы бар.