Печать
Категория: Коом
Просмотров: 531

 

Нарын облусунда Howo  үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бетондон тургузулган тосмого урунуп, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кырсык кечээ болжол менен саат 20.30дарда болгон.

 

Howo үлгүсүнүн айдоочусу Ысык-Көл облусунун 32 жаштагы тургуну болгон. Ал Бишкек- Нарын- Торугат автоунаа жолунда машинесин айдап баратып, рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бетон тосмосун сүзүп, андан кийин машине оодарылган. Айдоочу ошол жерден мүрт кеткен.

 

Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.