Кечээ парламентте башкы бажычы Кубанычбек КулматовдунРоссиянын жарандыгы боюнча маселени талкуулашты. Биздин колубузда Кулматовдун Россиянын гражданы экендигин тастыктаган документтер турат. Россиянын федералдык миграциялык кызматы билдирет: 14.02.1963-жылы туулган Кулматов Кубанычбек Кеңешович Россия Федерациясынын документтелген паспортун алган атуулу. Паспорт сериясы 4509 ?801457, 2008-жылы 30-апрелде Москва шаарынын Черемушки районунда берилген. Паспорт берилген учурда Кулматов Москва шаары, Бабаджамян көчөсү, 60-үй, 1-корпус, 81-квартирада катталган деп турат.

Мындай шартта Атамбаев эмне
үчүн Кулматовду калкалап, башка өлкөнүн атуулуна бажы тармагын башкартып келет? Бул жагынан Кулматовдун Силаев менен Танаевден айырмасы канча?
Агым гезити