Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук милициясынын  иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кыздын   Маевка айылынын жашоочусу  экенин аныкталган. Бул боюнча  КР Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“денеге атайылап зыян келтирүү”) боюнча иш козголгон.

 

Бирок, териштирүү аяктагандан кийин кылмыш ишинин беренелери өзгөрүшү да мүмкүн.

 

 Маалым болгондой, 8 жаштагы кызды  "Тез жардам"  кызматы денесинен жана башынан жараат алып, 11-мартка караган түнү Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирген.

 

Бул маалымат интернетке да тарап, анда кыздын өгөй энесинен запкы көргөнү айтылууда. Бул боюнча видео да тарады, кыз өгөй энеси сабаганын айтып берген.   Айтымында,  буга чейин да өгөй энеси катуу сабап жүргөн, а  бул жолу отургуч менен чаап, башына чөмүч менен урган.