Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы быйыл жыл башынан бери Интернет аркылуу интим кызмат көрсөткөн 64 кыз-келинди каттоого алды. Шаар милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар веб-камера аркылуу кардарга жылаңач денесин көрсөтүп акча табышат.

 

Милициянын маалыматында мындай иш менен алектенгендер тобокел топтордун катарына киргендиктен, каттоого алынышы зарыл экени айтылат.

 

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде интимдик кызмат уюштургандарга каршы чаралар жазылган. Ал эми денеси аркылуу акча тапкандарга каршы мыйзам жок.

 

260-берене ("Сойкулук кылууга тартуу"), 261-берене ("Сойкулук кылыш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу") деп аталат. Бул боюнча айыпталгандар беш жылга чейин камалат.