Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү боюнча жазган арызынын күчү дале кете элек. Бир жума мурун ал өлкө башчысына ээлеген кызматына тапшыруу боюнча арыз жазып, бирок, Жээнбеков тарабынан кабыл алынган эмес. Президент ага ойлонуу иретинде бир жумалык эмгек өргүүсүн берген.
Айрым маалыматтарга караганда, Ниязов кетем деген оюнан дале кайта элек. Ал президент менен жолугушууну күтүүдө.
Анын ордуна аппарат жетекчиси болуп учурда аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев дайындалаары айтылууда.