Саясий ишмер, экс-ЖК депутаты Ишенбай Кадырбеков Аида Салянованын мандатынан ажыратылуусу мыйзамсыз болду деп эсептейт.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы мандатынан ажыраткан. Ленин райондук соту депутатты адвокат Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, анын кичинекей кызы бар болгондуктан, сот өкүмү бала 12 жашка чыккандан кийин, тагыраагы дагы 14 жылдан кийин гана аткарылаары белгиленген.
БШК соттун өкүмүнө таянып, Салянованы депутаттык мандатынан ажыратты.
“Эгерде өкүм соттолуучунун баласы 14 жашка чыкканда күчүнө кирет деп жазылса, мандатты азыркы учурда алууга мүмкүнчүлүк жок. Өкүм күчүнө киргенден кийин гана ал аткарылышы керек. 14 жылдан кийин аткарыла турган сот өкүмүнө таянып, бүгүнкү күндө депутаттын мандатынан ажыратуу мыйзамга каршы иш болуп калат”, - дейт Ишенбай Кадырбеков.