Печать
Категория: Коом
Просмотров: 196

Кечээ Ош шаарында волейбол боюнча эл аралык тунир башталды. Бул мелдеш Кыргыз Республикасынын спорт чебери, волейбол боюнча республикабыздын жети жолку чемпиону Алмаз Атабаевдин спорт менен шугурлангандыгынын жыйырма жылдыгына арналды.

 

Турнирдин ачылышында Алмаз Атабаевге Ноокат районундагы Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу спортчусу” наамы ыйгарылды. Байге фонду бир миллион сомду түздү. Бул мелдешти атактуу спортчунун достору жана жакындары каржылашты.

Кыргыз Республикасынын спорт чебери, волейбол боюнча республикабыздын жети жолку чемпиону Алмаз Атабаев 1982-жылы Ноокат жергесинде туулган.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити