Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынына бир катар мурдагы аткаминерлер чакырылышкан. Бирок, алардын баары эле депутаттардын чакырыгын олуттуу кабыл ала беришпеди.
Комиссиянын жыйынына экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев жана Автандил Калмамбетов, Кубанычбек Турдубаев, Чоробек Имашев, Мелис Мамбетжанов, Жеңишбек Байгуттиев, Эмил Үмөталиев, Учкунбек Ташбаев, Олег Панкратов, Арзыбек Кожошев, Артем Новиков жана Салайдин Авазовдор чакырылган. Булардын баары жыйынга келишпеди.
Бир гана экс-каржы министри Ольга Лаврова, экс-энергетика министри осмонбек Артыкбаев, экс-каржы министри Акылбек Жапаров жана учурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев гана келип, маалымат беришти.
Келбей койгондордун баары кайсы бир убактарда ЖЭБ жана модернизация маселесине катыштыгы бар кызматта отургандар. Алардын жыйынга катышпаганы жашыра турган маалыматы бар деген шекти депутаттарда пайда кылды.