Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

Бишкек шаарындагы бак-дарактарды дарылоого иньекция каражаты дагы деле сатылып алына элек. Бул тууралуу «Бишкекжашылдандыруу» мунипициалдык ишканасынан билдиришти.

Эске салсак, аталган ишкананын башкы  агроному Бишкектеги бак-дарактарды дарылоо зарылдыгын июнь айында парламент жыйынында депутаттарга айткан. Андай каражат Россияда сатылып алынып, алгач айрым бак-дарактарга эксперимент катары жасалышы керек болчу.

Ишкананын маалыматына караганда, ал план ишке аша элек. Эксперимент жасала турган аймактар аныктала элек, ал турмак иньекцияны сатып алыша элек.

 Бүгүнкү күндө кайрадан жашыл бак-даракты сактап калуу маселеси каралууда.

Ган атындагы токой институтунун адистери зыянкечтердин түрлөрүн аныктоочу генетикалык анализ жүргүзүшүп, алар менен кантип күрөшүү зарылдыгын такташат.