Печать
Категория: Коом
Просмотров: 133

 

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү боюнча жазган арызын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл албады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

 Маалыматка караганда, Жээнбеков менен Ниязов 24-февралда жолугушушкан. Анда, Ниязов кызматтан кетүү ниетин айткан, бирок, мамлекет башчысы макул болгон эмес.

Кечээ, 26-февралда да Ниязов кызматтан кетүүгө арызын жазып алып президентке кирген. Бирок, президент арызга кол койгон эмес, тескерисинч, дагы чогуу иштөөнү сунуштаган. Фарид Ниязов президенттик шайлоодон бери эс алууга чыкпагандыктан, президент ага бир жумага эс алууга уруксат берген. Мына ошондуктан, Фарид Ниязов бүгүнкү аппарттын кеңешмесине катышкан жок.