2018-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүү каналдарына бөгөт коюу боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Бишкек шаарында, КМШ өлкөлөрүнүн биринин укук коргоо органдары тарабынан оор кылмыштарды жасагандыгы, деструктивдик жана антиконституциялык иштери үчүн издөөгө алынган, 1974-ж.т. «К.Д.» аттуу чет элдик жараны кармалды.
Бул тууралуу КР МУКК Басма-сөз борборунан билдиришти.
2018-жылын 14-февралында «К.Д.» тиешелүү жоопкерчиликке тартуу үчүн, белгиленген тартипте өнөктөштөрдүн компоненттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.