Ош шаарында өзүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкеримин деп тааныштырган адам дарыкананын ээсинен акча талап кылган.
Бул тууралуу адвокат Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
Айтымында, 2017-жылдын декабрь айында Оштогу дарыканалардын бирине үч адам кирип, өздөрүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерибиз деп тааныштырышкан. Алар көрсөткөн күбөлүк «Коррупцияга каршы элдик көзөмөл» Коомдук уюмуна таандык болгон.
Алар дары рецептсиз сатылган деп акт түзө башташкан. Анан ишти жашыруу үчүн 20 миң сом талап кылышкан. Кийинчерээк такталгандай, ал адамдар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен «Коррупцияга каршы элдик көзөмөл» Коомдук уюмунун ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында аракет кылышкан. Бирок, бул меморандум текшерүү укугун бербейт.
ИИМ бул боюнча «Пара талап кылуу», «Көз боемочулук» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.