Жалал-Абад облусуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринде газ баллон жарылган. Бул тууралуу аталган аймактын ИИБинен билдиришкен.
Маалыматка караганда, жарылуудан төрт адам жабыркаган.
«Алардын арасында үчөө өзбекстандык жарандар, бири кыргызстандык. Жабыркагандардын үчөө Кочкор-Атадагы шаардык ооруканага жеткирилди, бири Оштогу облустук ооруканасында, анын 40 пайыз денеси күйгөн», - деп билдирет ИИБ.
Факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.