Печать
Категория: Коом
Просмотров: 208

 

 

 

19-январда Казакстанда кыздарын жоолуксуз мектепке жиберүүдөн баш тарткан 13 ата-энеге айыппул салынды. Бул тууралуу Актөбө облустук билим берүү департаментинен билдиришти.

 

Облустагы Хобда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурлыбай Айжарыковдун билдиришинче, Алия кыштагында жашаган эки кыздын ата-энесине 12 миң теңге (37 доллар) өлчөмүндө айып пул салынды.

 

Анын айтымында, жергиликтүү мектептин 6чы жана 8-классында окуган эки кыз үчүнчү чейрек башталгандан бери мектепке бара элек. «Ал кыздардын ата-энеси менен бир канча жолу жолукканбыз. Аларга эскертүү бергендигибизди күбөлөндүргөн кагаздарды билим берүү тармагын көзөмөлдөө боюнча облустук департаментке жөнөткөнбүз. Ал документтердин негизинде кыздардын ата-энесине айыппул салынды», — деди Айжарыков.

 

Дин иштери боюнча облустук башкармалыктын маалыматына ылайык, учурда облус боюнча «милдеттүү мектеп формасынын талаптарын сактабаган» кеминде 103 окуучу кыз сабактарга бара албайт. Бийлик өкүлдөрү алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыктарын билдиришүүдө.

 

2016-жылы февралда мектеп формасында диний белгилердин болбошу керектиги тууралуу буйрукка кол коюлган. Быйылкы окуу жылында кыздардын сабактарга жоолук салынып баруусуна байланышкан талаш-тартыш жаралган. Былтыр декабрда Астана соту бул буйрукту жокко чыгарууну талап кылган ондогон ата-эненин доо арызын четке каккан.