Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

 

Парламенттин   Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кароосуна мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатуу тууралуу мыйзамдолбоору коюлду.

 

Мыйзамдолбоору комитеттин кечээги жыйынында каралды.

 

Маалым болгондой, аны ишке ашырууга   бюджеттен кошумча 1 млрд. 140 млн. сом талап кылынат. Ошондуктан, мыйзамдолбооруна  өкмөт каршы, анткен менен комитет депутаттары биринчи окууда кабыл алышты.

 

 Эми пленардык жыйынга чыгарылат. Ал жакта 120 депутаттын колдоосуна татыйбы, жокпу, бул өзүнчө маселе.