Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин айтымында, ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевге, анын биринчи орун басары Нурлан Садыковго, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго сөгүш берилет.
Жыйында белгилүү болгондой, авариянын келип чыгышына айыптуу деп табылып, төмөнкү кызматкерлер сөгүш алышты жана айрымдары жумуштан бошотулат:
1. Нурлан Өмүркул уулу, Бишкек жылуулук электр борборунун башчысы
2. Алмаз Жусупбеков, техникалык директор
3. Кубанычбек Манкиев, гидротехникалык кызматтын башчысы
4. Урмат Мамбетов, жылуулук жабдыктарын оңдоп-түзөө боюнча кызматынын жетекчиси
5. Нургазы Курманбеков, башкы инженер
6. Айтикеев Алтынбек, директордун орун басары
7. Юрий Календарев, эксплуатация боюнча башкы инженердин орун басары
8. Алексей Шлопак, башкы инженердин орун басары
9. Калыс Жаманкулов, нөөмөт станциясынын башчысы
10. Жаңыбаева Даркүл, химиялык цехтин башчысы (эмгек стажы 21 жыл)
11. Татяна Бородина, химиялык цехтин башчысынын орун басары (эмгек стажы 31 жыл)
12. Цапенко Надежда, химиялык цехтин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы (эмгек стажы 45 жыл)
Сөгүш алгандар:
1. Сергей Абдулхаиров, техникалык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы
2. Евгений Гавриленко, от казандар цехинин башчысы
3. Вячеслав Николайчев, от казандар цехинин башчысынын орун басары (эмгек стажы 21 жыл)
4. Великанов Евгений, турбиналык цехтин башчысы (эмгек стажы 25 жыл)
5. Мирбек Жаманкулов, нөөмөт бөлүмүнүн башчысы (эмгек стажы 22 жыл)
6. Тамара Бааталиева, химиялык цехтин кызматкери (эмгек стажы 36 жыл)
7. Павел Икконников, техникалык коопсуздук кызматынын башчысы.
Бул сунушту өкмөт мекемелер аралык түзүлгөн комиссияга сунуш кылды. Комиссия аны колдоого алды.
Бул тизмедегилердин арасынан ЖЭБди модернизациялоого которулган 386 млн. доллардын кайда, кантип жумшалганын билгендер, каражатка байланышы болгондорду табуу мүмкүн эмес.