Печать
Категория: Коом
Просмотров: 137

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйшөнбек Озонович Чоткараевди УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчылыгынан -  төраганын биринчи орун басарлыгынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду.

 

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

 

Эске салсак, мындан бир нече күн мурла, коопсуздук Кеңешинин жыйынында президент УКМКнын ишмердүүлүгүн сынга алган.

 

«Ачылган кылмыш иштеринин үчтөн бир гана бөлүгү сотко жетет. УКМК акыркы эки жылда миңдеген кылмыш ишин ачты. Анын 29 пайызы гана сотко жетти. Сот болсо УКМК айыптагандардын дээрлик жарымын актап чыгарды», - деген президент.

 

Аны менен катар Жээнбеков УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын дагы сынга алып, техникалык жана башка жактан мүмкүнчүлүктөрү кеңири болсо да, бул кызмат милдетин сапатсыз аткарып жатканын белгилеген. Мындан улам,  мамлекет башчысы кызматтын форматын өзгөртүүгө убакыт келип жеткенин кошумчалаган. Ал жетекчиликке чара көрүүгө убада берген.