Печать
Категория: Коом
Просмотров: 153

 

 

Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын аппарат жетекчиси, маркум Абдыкерим Гапаровдун жакындары акыйкаттык издеп президент Жээнбековго кайрылуу жолдошту.

 

Алар президенттен бул ишти өз көзөмөлүнө алууну суранышууда.

 

 Белгилей кетсек, Бишкек шаардык сотунда бүгүн бул иш каралат.

 

Маркумдун уулу Адыл Гапаровдун айтымында, Октябрь райондук соту УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлерин актап, туура эмес чечим чыгарган.

 

«Соттун өкүмүндө Гапаровдун өлүмү кырдаалдын дал келүүсү деп табылды. Ал эми аталган кызматтын кызматкерлеринин кылмыштык мотиви болбогон деп белгиленди. Менимче, атама биринчи жардамды көрсөтүшкөн эмес. Кармоо учурундагы видеонун башталышы жок, кийин текшерүү учурунда атамдын кийимдери айрылып кеткени маалым болду. Жообу жок суроолор көп», - дейт Адыл Гапаров.

 

 Эске салсак, Абдыкерим Гапаровду Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери пара алуу боюнча кармоого аракет кылышкан. Ага кайсы бир жарандын Гапаров андан 30 миң сом талап кылып жатканы тууралуу кайрылуусу себеп болгон.  

 

2016-жылдын 25-февралында аталган кызматтын кызматкерлери Медакадемиянын аппарат жетекчисин өз иш бөлмөсүндө, пара алуу учурунда  кармашкан. Ошол убакта шектүүнүн акыбалы кескин начарлап, каза тапкан.

 

 Маркумдун жакындары кармоо учурунда кызматкерлер күч колдонушкан деп эсептешет.

 

 Бул ишти  Октябрь райондук соту карап, чечим чыгарган. Маркумдун жакындары ал чечимге нааразы болушуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.