Печать
Категория: Коом
Просмотров: 139

 

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгышын иликтеген мекемелер аралык комиссиянын жыйыны болду. Анда, биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев энергетиктер суукка даяр болушпаганын айтты.

 

«Аварияга кадимки эле кайдыгерлик алып келген. Жабдыктардын жылытуу сезонуна даярдалбаганы, кызматкерлердин жаңылыш аракеттери, үчүнчү энергоблокту күйгүзүүнүн кечеңдеши, жетекчиликтин жетиштүү көзөмөл кылбаганы аварияны жаратты», - деди Шадиев.

 

 Эске салсак, 26-январда ЖЭБде авария болуп, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр жана жылуулук борборуна туташтырылган мекемелер бир нече күн жылуулуксуз калышкан.