Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчиси Лев Васильев жылуулукка жана ысык сууга тарифти жогорулатуу маселесине кайра кайтууну сунуштады.
ЖЭБдеги авариянын келип чыгышын иликтеген мекемелер аралык комиссиянын жыйыны болду.
Анда Лев Васильев авариянын болушуна кызматкерлердин кайдыгерлиги жана аба ырайынын өтө суук тартышы себеп болгонун айтты.
«Көп жылдан бери ЖЭБ өз ишин үзгүлтүксүз аткарып келген. Жыл сайын 700 млн сомдук оңдоо иштерин жасоо зарылдыгы жаралган. Каражаттын жетишсиздиги аварияга алып келди», - деген ал.
Айтымында, учурдагы тариф өзүн актабайт. Акчанын жарымы генерацияга кетет.
Эске салсак, 26-январда ЖЭБде авария болуп, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр жана жылуулук борборуна туташтырылган мекемелер бир нече күн жылуулуксуз калышкан.