Кыргызстанда жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү кармалды.
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1992-жылы туулган У.К аттуу жаран бандформирлөө курамында Сирияда диверсиялык-согуштук даярдыктан өткөн жана республиканын аймагында террористтик акттарды жасоо үчүн жанкечтинин атайын курсун окуган.
Ага карата КР Кылмыш жаза кодексинин 226- беренесинин 4-бөлүгү (КР жаранынын куралдуу кагылышууларга же, чет өлкөлөрдн аймагындагы согуштук аракеттерге катышуусу жана экстремисттик даярдыктан өтүүсү) жана 375-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран КР УКМКсынын абагына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.