Печать
Категория: Коом
Просмотров: 545

 

 

Картинки по запросу победим рак 

 

15-февраль – рак менен ооруган балдардын Эл аралык күнү. Акыркы жылдары рактын жашы жашарып, жаш балдарды да кучагына алууда.

 

«Жардам берүү жеңил» коомдук фондунун аткаруучу директору Динара Аляева жаш балдарда бул аты жаман оорунун белгилери кандай болоорун айтып берди.

 

 «Мында ата-энелердин баамдуу болушу башкы нерсе, биринчи эле белгилеринде дароо баланы дарыгерге көрсөтүү керек. Бала басып баратканда калдактаса, денет абы көтөрүлсө, мурду канаса – бул дарыгерге көрсөтүүгө себеп болгон белгилер. Оору өнүгүп кете электе дарылап баштоо ремиссияга оңой чыгарып, айыгуусун шарттайт», - дейт адис.

 

 Анын айтымында, ооруну зыяндуу тамак-аштар пайда кылышы мүмкүн. Баланын тамак-ашы негизинен мөмө-жемиштер, жашылчалардан куралышы керек. Газдалган суусундуктар, чинсилер абдан зыян. Көптөгөн өлкөлөрдө бул азыктарды балдарга берүүгө тыюу салынган.