ЖАМКнын дарыгерлерин анын абалын канааттандыраарлык деп билдиргени менен, алардын жакындары катуу тынчсызданууда.


“Кечээ, ал жерде жаткан Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бектур Асановдордун адвокаты абакка кирип чыкты. Ага эмнегедир Бектур Асановду жолуктурушпаптыр. Сыягы абалы кескин начарлап кеткендиктен, аны жашыруу аракети болду көрүнөт. Ал эми андан кийин ачкачылыкты баштаган Кубанычбек Кадыровдун да абалы кыйындап калганын, кан басымы жогорулап жатканын адвокат айтып чыкты. Эми алар ар кандай кошумча витаминдерден да баш тартабыз дешиптир. Бүгүн, абактын алдына жакындары менен бирге 80ден ашып калган Бектурдун апасы да келип, уулунан ачкачылыкты токтотушун суранып ыйлап отурат. Алар Абдил Сегизбаев кетмейин баш тартпайбыз деп көгөрүп жатышат”,-дейт Бектур Асановдун жакындарынын бири Таалай аттуу жаран Govori.TVга.


Эске сала кетсек, ачкачылык кармагандар Жогорку Кеңешке да кайрылуу жолдошкон. Бирок, коалициялык көпчүлүк, төрага бул маселе боюнча ооз ача элек…

 

Govori.TV