Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

 

Картинки по запросу водительские права кыргызстана 

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков өлкөдөгү унаа жолдордо жол кырсыгынын көп катталып жатканына жеке менчик автомектептердин сапатсыздыгы себеп болууда дейт.

 

 «Мен жол-транспорттук окуяларга анализ жүргүзүп, ага жеке менчик автомектептердин ачылышы, айдоочуларды сапатсыз даярдоо, ошондой эле айдоочулук күбүлөктөрдүн сатылышы себеп болуп жатканын билдим», - деди депутат.

 

Айтымында, жеке менчик автомектептерде айдоочуларды окутуунун сапаты шекти жаратат.

 

«Бүгүнкү күндө В категориясындагы айдоочулук күбөлүк 16400, С категориясындагы 32 миң сомду түзөт. Бул жаатта тартип орнотушубуз керек», - деп кошумчалады депутат.