Кытайдан алынып келинген азык-түлүктөр кыргыз стандарты боюнча текшерүүдөн өтүшү керек.
Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исмаилова билдирди.
“Кыргызстан Кытайдан чыккан өрдөк этин алып келүүгө тыюу салган. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук Мамлекеттик кызматынын жетекчилиги Кытайда болушуп, өрдөк этин чыгарган ишкананын иши менен таанышышкан. Ошондо, ишкана Кыргызстандын мыйзамындагы нормаларды сактабай турганы белгилүү болду”, - деди депутат.
Ал Кытайдан бир гана өрдөк эти келбей турганын эске салды.
“Эттен башка күрүч, жумуртка да келет, аларга да химиялык заттарды кошушат деп айтылып жүрөт. Ошондуктан, ал жактан келген азык-түлүктөргө көзөмөлдү күчөтүү керек”, - деди депутат.