Печать
Категория: Коом
Просмотров: 147

 

Эки жылдай убакыт мурда эле шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын арыз-муңунан кийин көп кабаттуу үйдөгү батирлерди мейманканага айлантууга тыюу салынган болчу.

 

Кечээ, 13-февралда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында  Турак-жай, Администрациялык жоопкерчилик жана бузуулар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин камтыган мыйзам долбоору  үчүнчү окууда жактырылды.

 

Белгилей кетсек, демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Жунус уулу аталган мыйзам долбоорунун алкагында жалпы өлкө боюнча көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларды мейманкана катары колдонуп, пайда көрүү жагы сунушталып жатканын билдирген. Андан тышкары, жаңы мыйзамга ылайык эгер ижарага берген  учурда мыйзамсыз иштер жасалып, коомдук тартип бузула турган болсо, аны жасаган адамды гана эмес, турак-жай ээси да жоопкерчиликке тартылары маалымдалган.

 

Ал эми Өкмөт да аталган мыйзам долбоору көмүскө иш алып барган жеке ишкерлердин ачыкка чыгуусуна шарт түзүп, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтерин белгилеген.   

 

Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманканага айлантууга тыюу салынгандан бери бир топ  убакыт өттү. Бирок, батирлерди мейманканага айлантуу такыр токтоп калган жок. Баштагыдай ачык болбосо да, көмүскө бергендер берип жатышат. Сыягы, минтип жашынып иштөө кайсы бир тараптын кызыкчылыгына чак келбей, депутаттын ушул маанидеги мыйзамдолбоорун иштеп чыгуусуна түрткү болду окшойт.