Кыргыз Республикасынын
президенти С.Жээнбековго,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин төрагасы
Д.Жумабековго,
Кыргыз Республикасынын
премьер-министри

С. Исаковго
КАЙРЫЛУУ
Кызык, эмне үчүн мындай? Негизи биз сыйлаар кишини сыйлагыбыз келбейт. Кайра ошол: үстүбүздөн басып, койго теңеп кодулап турганды жактырабыз. 70 жыл. Жалаң көшөккөрлүк жашообуздун айынан тарыхыбыз бурмаланып, ушул азыркы абалга жеттик окшойт. Ооба, СССР таркагандан кийин деле, жыл сайын 31-август эгемендик күнүнүн белгилеп, калпагыбызды асмандата ыргыткан менен, теңибиз тентип ишибиз жакшы жүрбөгөн себеби: ошо мээбизге кыттай уйуган тарбиянын саркындыларынан кутулалбай келебиз. Бассак-турсак өзүбүздү-өзүбүз, жада калса 5-кылымда кыргыздын (руникалык) купул жазуу маданиятыбызды танып, өзгөнү көтөрмөлөгөн адат таптык. Мисалы жакында: КТРКдан жер, суу аттары жөнүндөгү Түгөлбай Казаковдун “Улутман” берүүсүндө, БГУда бир мугалим: “Торугарт, Жумгал, Көкөмерен кыргыздыкы эмес, башканын сөзү” деп, калган катышуучулардан, айрыкча жантыгынан жата калып талашты.
Ооба. Чала молдо дин бузат. Чындыгы Тыныбектин Манасында Торугартты - Карт Торунун бели, “миң чөптү жазбай тааныган” Түркмөн табып көкөмерен менен бака жалбыракты кургатып майдалап, дары жасап жүргөнүн, ошондой эле “жумгал” деген кептин дагы бир варианты: жума күнү төрөлүп, денесинде калы бар баланы түшүндүргөн, же экөө бириккенде “к” тамгасы “г” тамгасына айланып кеткен кыргыздын эле сөзү экенин билбей, бирок, университетте сабак берген адамдын окуткан студенттеринен эмнени күтүүгө болот. Ал эми… калмакча “сол колдон” тышкары, “жумгалдын” келип чыгышын изилдесек: мен муну таякемдин 50 жылдык тоюнда анын үйүнө батага келгендердин колдоруна суу куюпатып, Түгөлбай (Сыдыкбеков) аксакалдын оозунан уккам. Себеби, айтылуу Айт бабабыз: чуркап бараткан баланы тике караса… кулап түшчү (гипностук) касиетке ээ болгондуктан, небере көргөнү барып, ал жаткан бешикти көзүн алаканы менен тосуп алып, төрөлгөн наристенин түспөлүн байбичесинен сураган экен. Ошондон ушу аталыш чыгыптыр. Анан, ие айланайын кудай! Атактуу ойчул Иван Ильин: “Орустун душманы жарым интелгенттүүлүк, жана көралбастык” дегендей, баардык эле түшүндүрмөлөрдү калмак-моңголго такай бериштин өзү чекилик го.
Ушундан улам: мен өткөндө макала жазып, биздин айрым “көңдөй челек – интелигент” атка минерлердин канына, “байыркы баатырдыгыбыздын, улутмандыгыбыздын ордуна өзүмчүлдүк, кайдыгерлик вирус кирип, (жан дүйнө дегарадациясы) пейил бузулганын” жазганымды кайрадан дагы да кайталайм. Ооба, кыргыздын душманы кыргыз. Кээ бирөө тышынан билерман болуп көрүнгүсү келип, тээ Совет доорундагы түшүнүгү менен эле басып жүрөт. Аларга ички потенцалдын өсүшүнүн, жаңылануунун, чыныгы тарыхтын кереги жок. Аларга ушу, тарыхта оң каарманды сол, сол каарманды оң кылып, калп жеринен курап алган, “көңдөй челек- интелигент” көз карашы жагат. Ошондуктан жанагы БГУда мугалимдин айылдашы, раматылык Алым Токтомушев байкенин жаны кашайып, “Азыр колунда барлар… болсо болбосо деле ата- жотосун кокту-колоттон сүйрөп чыга берип, кыргызга “баатыр” батпай кетти”,- деп бекеринен айтпаган чыгаар.
Атаңдын көрү! Мына биз эгемендикке жетип, калпагыбызды асмандата ыргытканыбыздан бери чейрек кылымдан ашык убакыт өтүптүр. Бирок, арбак ыраазы болмойун, же өлгөндөр баркталмайын тирүүлөр даңкталбайт. Кыргызда жогоркудай пастыктын айынан накта баатырлар унутта калып келатканы деле чындык. Мисалы, Октябрь революциясына чейин бул адам жөнүндө эл арасында эң сый, урмат сөздөр таркаган экен. Кебим супсак чыкпасын: өткөндө сыналгыдан Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов маек куруп, кабарчынын “Сиз, жашоо-турмушуңузда эмнеге өкүнөсүз?” деген суроосуна ал: “Мен, чоң энемден уккан “Байзак” дастанын жаттап калбаганыма өкүнөм”,- деп жооп берди. Мындай сөздөрдү 2003-жылы Кайырма айлында күмбөз тургузуу аземинде Турдакун Усубалиев тарыхчыларга көрсөтмө катары айтып, андан кийин академик Абдыганы Эркебаев Ормондун тоюнда, “бу киши менен катар кыргыз мамлекеттүүлүгүнө Тооке уулу Байзактын да эмгеги зор экенин” баса белгилеп кетти. Ооба, мындан (2013) беш жыл мурун мен да кайрылуу жазып, далай эшик сүзгүлөгөнүм менен… аным кеткен президентке, же жогорку жактагыларга жеткен эмес. Ошондуктан Баатыр бабабыздын айрым төбөсү көрүнгөн жердештеринен жардам сурасам, бири: “Сен эмне Кедей уруусунан белең? Жок болсо кайгырба? Байзактын туулган жылы негизи 1827, эмне үчүн быйылкыга котордуңар? Анан 185 саны орусча “круглый дата” эмес, дагы күтүш керек”- десе, экинчиси: “анын уруусунан жогору жакта иштеген чиновниктер чыкпаган соң (ооба, кеңеш Өкмөтү баатырдын 1943-жылы “Манасты” немис тилине которгон Беталмандай урук-туугандарын: атканын атып, атпаганын “эзүүчү тап” катары сүргүнгө айдап, кырып салгандыктан), баш көтөрөөр киши жок, бул маараке такыр өтпөй тургандыгын ачык айтты. Жада калса, “Үркүндүн” астында: кыргыз, казак жакшылары орустар менен чабышууга Каркырага чогулуп, таш казанга союлган ак боз бээнин канына кол матырып антташкан окуя болгон экен. Муну уккан 87де Байзак карыя үйүндө бейкапар жатпай, азыркыча “антиагитация” жүргүзүп: “Айланайындар! Коңшу казак 200 ирет көтөрүлүп, ийгиликке жеткен жок. Мен муну жакшы билем. Канчалык чамынган менен биздин колдон эч нерсе келбейт. Орустун куралына туруштук бербейбиз. Ошондуктан койгула? Бекер карапайым калкты кырып албайлы…”- деп, түндүк хандыктарын түтүнмө-түтүн кыдырып чыкканы, алардын ичинен (Кытайдан Беделдин тескейин сурап кат жазган) Атаке Баатыр, (калкын туюк тоого жашырган) Кыдыр акеден башкалар укпай койгондо… жанагы “Кыргыздын баатырдыгы сыяктуу, кыргыздын даңкесер-кайдыгерлиги да калбайт. Ушундайыңдан сан мартынбай жүрүп өтөөрсүң. Атаны асыл элим ай!”- деген сөздү, Шамшынын белинде көзүнүн жашын мончоктотуп ыйлап отуруп айтканы тууралуу макала жазып, айрым газеталарга көтөрүп барсам, анда иштеген журналист жолдоштор: “Мектепте он, университеттин филфагында беш жыл окуп, Калык менен Куйручукту жакшы билебиз, а тиги сиздин Байзак жалпы журтка эмне эрдик кылып коюптур. Бул жөнүндө дегиле укпаптырбыз”- деп, баспай коюшту.
Ырас, 70 жыл бою кыргыздар капаста, маалыматтык фильтирде жашаганыбыз деле чындык. Коммунистик партия: “Силер илим-билимсиз тоодон түшкөнсүңөр, Кудай жок, социалдык теңдик- менчиктештирүүгө жол берилбейт, баары жалпыныкы”- деген идеологияны мээбизге кыттай куюп, туңгуюкта гана тарбиялады. Анан, ие айланайын! 7 катын алды аты бар, (мунун ичинде жоокерчилик заманда “тууганымдын бала-бакырасы тентип кетпесин” деген салтты улап, 1859-жылы жайыт талаш, саяк-солто чабышында жесир калган үч жеңесине нике кыйылгандыктан) жана да 4 тилде эркин сүйлөп, арык төө менен (Меккеге) ажыга, кербен коштоп быягы Бээжин, тиягы Ра дарыясына чейин барып келген Байзактай кругозору кең адам… кеңеш Өкмөтүнө жагабы? Ошондуктан устаты калып шакирттери бааланып, тарыхыбызды бурмалаган далай китептер жазылды. Мисалы, Куйручукту кара курсактын айынан бай-манаптын ашканасын тешип, сүт ичкен майда ууру катары, туура эмес баяндап жүрүшөт. Чындыгы ал, кайын (“Үркүндө” өлгөн биринчи аялы Баарамдын) атасы Карачелектин жылкысын тийген Көкүмбайдын жигиттерине жооп кылып, анын күлүгүн барымтага мине качып казыга түшкөндө: Байзак арыздашкан эки тарапты элдештирип, Куйручукту куткарып, өзүнө жигит кылып алган. Бул бир. Экинчиден, боз үйдүн жыгач-ташын жасаган Акы уста өйдөчекти туугандарына таарынып, Таласка көчүп кеткенде да, ушу киши Калыктын талантын баамдап, “Кыргыздын сырын билесиң, сени баарыбир кушчу, саруу уруулары өгөйлөшөт. Ушундайыңда өз элиңди, жериңди тап?”- деп, кайра көчүрүп келип куш таптагандай алгач айыл арасында ырдатып, андан кийин 1910-жылы Шабдандын тоюнда жалпы журтка тааныткан. Үчүнчүдөн, ошо чек ара тактоо маалында Кытай тарап шарт наама кагаздарын көрсөтүп, келишимге кол коюлуучу боз үйдү Нарын дарыясынын түштүк жээгине кереге, уугуна чейин тиктирген кезде да Оёзго: “…бул туура эмес. Бир болуштукту экиге бөлүп, тарыхы жок эл оңой башкарылат дебегиле? Керек болсо, тээ Текезден бери биздин жер. Мынакей далилдерибиз…”- деп, ары Тогуз-Тородо “Саймалуу-Ташты”, ага кошуп, Барскоондук Абдыраим молдого жаздырган куржундун эки көзү толо Тыныбектин Манасын көрсөткөндөн кийин ал, кол жазманын азганакей бөлүгүн Жети- Суу губерниясына алып кеткендиктен… муну Ишенгазы Арабаев 1925-жылы Алма-Ата архивинен таап келип, китепче кылып чыгарган. Төртүнчүдөн, Куйручуктун 145 жылдыгы Соң-Көлдө өткөзүлгөн маалда, “Ооба, бу киши дипломат эмес, бирок кыргыздын көй кашка куудулу. Силер неге… устатынын чапанын шакиртине кийгизе салдыңар?”- деп макала жазып (“Куйручук куру наамга муктаж эмес”. “Жаңы агым” 12.08.11. ) мен телефон аркылуу (тойлор удаа-удаа, атандашуу иретинде берилгендиктен) Курманжан датканын таламын талашкан чыккынчы катары, жердештеримден ашата балит сөгүү уккам. Себеби, казактар “Төрт түлүктүн башын өздөрү алып, алардын бир жылдык төлүн, же актыгына Тыналынын Чолпонкулунун жанын берсин” деп, шарт койгондо… Байзак, амал менен эки элди элдештирген фактыны, (А. Молдалиев, «Байзак Баатыр» к. 1996-ж. 76- б.) юбилей уюштуруучулар атайлап Куйручукка ыйгара салып кошоматтанып, мурунку элчи, ошол кезде президент - Роза Отунбаеванын колунан жеңил машине алып тарыхты бурмалаган болуучу.
Мен эми… буларды сармердендеп айтып отурган себебим, негизи чындык жок, же Качкынбай аксакал “Көчмөндөр кагылышы” романын жазууда “6 жыл мамлекеттик архив аңтарып жүрүп, мен Байзак жөнүндө толук маалымат табалбай койдум. Жада калса Тоголок Молдонун санжырасында да, анын урпактары катталган жери актай турат” деп наалыгандай, Баатыр бабабыздын баскан жолу ошондон азыркыга чейин толук деңгээлде изилденбей жатканын коомчулукка, жана да жогору жактагыларга кулак кагыш кылып койгум келет. Мисалы, 1840-жылы саякат эмес, чалгынга келип Ала-Тоону басып алгандан кийин (жазуучу О.Айтымбетовдун ЦКнын архивинен (1991) «КМ» газетасына жарыялаган материалында) “туттугуп турдум эле” деп, Боом капчыгайынан отун терип жүргөн бир кыргызды мылтык менен атып эс алганын күндөлүгүнө мактанып жазган Прежевальскийге эстелик-музей уюштуруп абыдан кастарладык. Ал эми тарыхчы Д.Сапаралиевдин Алма-Ата, Ташкентте тапканы боюнча (эгер издесек Пекин, Санкт Петербург архивдеринде да толгон- токой маалыматтар бар) Ордо кеңешчи катары, чек ара тактоо комиссиясынын башында туруп, Кыргызстандын учурдагы (түндүк- түштүк) ички аймак, ошондой эле тышкы Кытай, Казак, Өзбек, Тажикстанга чектешкен жер бөлүк картасын чийген; мындан тышкары Ата- Журт үчүн толгон- токой кызмат кылып, Кокон хандыгын талкалоодо “карательный отряд” менен барып, Алайдан эшен-калпаларга колго түшкөн Шабданды өлүмдөн куткарган; жана да Кыргыз искусствосунда Калык, Куйручук алптарды тарбиялап, өзүнүн олуя-көрөгөчтүгүнөн Кулжыгач, Суусамыр, Сары- Камыш болуштуктарында жашаган элди (азыркыча үч район) “Үркүндөн” Кытай тентитпей сактап калган; тарыхта Ормон, Курманжан датка сыяктуу эле орду бар, Кара-Ойго салган медреседен улам “агартуучу” аталган, кыргыздын “Настрадамус”- олуясы Тооке уулу Байзактын эмгегин баалап, аликүнчө борбор шаарыбыздын бир көчөсүнө ысым тургай, эстелик тургузуп койбогонубуз, окуу куралдарында анын өмүр баянын, айткан накыл сөздөрүн колдонбогонубуз өкүнүчтүү. Арбак ыраазы болмойун, же өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт. Андыктан, өткөн шайлоону утурлап атактуу балбан Кожомкулдун 130 жылдыгына… ал жөнүндө кино тартуу үчүн эле бюжеттен 42 миллион сом бөлдүрүүгө жетишкен (эр экен эй!) К.Рыспаев сыяктуу: “Бу масалени Жогорку Кеңеште жердеш депутаттар А.Кулбараков, Ж.Турускулов баатырдын масалесин парламентте көтөрүп чыкса деген ойдо, шаар телефону аркылуу алты айдан бери жума сайын байланышканым менен: өздөрү таптырбай… алардын жардамчыларынын куру шылтоосун уга берип, (ал гана эмес Жыргалдын атасына, жана “андан да жакын тууганбыз” дегендерге сотка чалып) тажагандыктан… быйыл мен, Тооке уулу Байзактын 190 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча жеке кайрылуу жазып отурам.
Ооба, Ала-Тоо менин да жерим, сенин да жериң. Биз эгемендикке жеткен 27 жылдан бери ийгиликтер менен катар жетишпегендиктер өттү. Бирок, өлөөрүнө бир жыл калганда (1916) “Үркүндү”, мындан кийин Совет доорун “Кайридин, сууга заара ушаткан (кабат үйдө жашаган) заман”, эгемендигибизди “Кыргыз ит жээр, бит жээр, ар ким өзүн хан шайлаган, убара заман”, андан ары кыргыздын: “Кыргыз кыр ашкан”, “Кыргыз тоо таянган” мезгилдерин астын ала билип, кайра ошо өз төлгөсүнө өзү “Атаны асыл элим ай!” деп, ата-журту үчүн кайгырып күйгөн улутман, Тыныбек манасчы айткандай “пайгамбардай” Байзактын арбагы ыраазы болмойун ишибиз оңолбойт… Ар ким өз көмөчүнө күл тарткан менен, “бетеге кетет бел калат, бектер өтөт эл калат” чыгаар. Ошондуктан жалпы улуттун келечегин ойлонолу, Ала-Тоо менин да жерим, сенин да жериң- айланайын өкүмдарлар!?
Шах Жума, Булак: “Майдан. kg” гезити