Печать
Категория: Коом
Просмотров: 124

 

Камчаткада Кыргызстандын 24 жаштагы жараны мамлекеттик чегараны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн айыпталууда. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышкан.

 

Маалыматка караганда, 2014-жылы 24 жаштагы жигит Россияга убактылуу барып, Камчаткада расмий жашаган. 2016-жылы жашоого уруксат берүү мөөнөтү аяктагандан кийин аны кармалып, административдик жоопкерчиликке тартышкан. Соттун чечими менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

 

Кыргызстанга келген жигит   аты-жөнүн өзгөртүп жаңы паспорт алган.  Ош-Новосибирск багытындагы учак менен Россиянын мамлекеттик чегарасынан өтүп, Камчатка аймагына барган. Ал жактан чегара башкармалыгынын кызматкерлери кармашкан.

 

 Бул кылмышы үчүн 300 миң рубль айып төлөшү керек, же 4 жылга жумушка чегерилет. Же болбосо 4 жыл эркинен ажыратылат.