Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаштардан турган комузчулар ансамбли түзүлдү. Ансамбль аталган окуу жайынынМаданий-эстетикалык борбору жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулган “Ойно комуз!” конкурсунун натыйжалуу жыйынтыгы деп эсептесе болот.
Бул тууралуу ЖАМУнун Маданий-эстетикалык борборунун комуз боюнча адиси Нурбек Шамуратов билдирди.
-Комузчулардын башын бириктирүү менен комуз ансамблин түздүк. Учурда анын 10дон ашуун мүчөлөрү бар. Конкурска катыша албай калган жаштар да келип катарыбызга кошулууда. Комузда кол ойното алган чеберлерди кабыл алууга да даярбыз. Анткени бул ансамбль менен буюрса шаардык, аймактык деңгээлдеги концерттерге чыгууну пландап жатабыз. Ошондой эле, жакында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин делегациясынын курамында Кытай жергесине барып, концерт коюп келүүбүз айтылууда, - дейт ал.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында музыкалык мектептин окуучуларынан түзүлгөн балдардынкомузчулар ансамбли бар, бирок улуулардан түзүлгөн ансамбль жок болчу.
ЖАМУнун жаш комузчулар ансамбли окуу жайдын алгачкы пайдубалынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата алдыда өткөрүлүүчү чоң иш-чарада алгачкы ирет сахнага чыгышмакчы.