Печать
Категория: Коом
Просмотров: 182

 

 

Картинки по запросу коррупция 

 

Кыргызстан дагы деле Transparency International рейтингинде жогору көтөрүлө албай жатат.

 

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков  Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Жыйын бүгүн «Ала-Арча -1» мамлекеттик резиденциясында өттү. Белгилей кетсек, бул Жээнбековдун президент катары катышуусундагы биринчи жыйын.

 

 «Кыргызстан дагы деле Transparency International рейтингинде көтөрүлө албай жатат. Коррупцияны жоюу боюнча өлкөлөр арасындагы акыркы рейтингдин жыйынтыгына таянсак, биздин өлкө 176 өлкөнүн арасында 136-орунга илешкен. Буга биздин укук коргоо, фискалдык органдар жана сот бийлиги күнөөлүү. Резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу абдан ылдый экени бизге белгилүү. Укук коргоо кызматы майда кылмыштар жана ишкерчиликти себепсиз текшерүү менен гана алектенишет», - деди президент.