Печать
Категория: Коом
Просмотров: 571

 

«Мени эл шайлаган. Ошондуктан, жарандардын укугу тебеленсе, мен киришем», - деди президент.

 

Ал мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Жыйын бүгүн «Ала-Арча -1» мамлекеттик резиденциясында өттү.

 

 Президент коррупцияга каршы күрөшүүдө  күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо кызматтарынын жетекчилеринен  так чечимдерди кабыл алышын талап кылды.

 

 «Коррупцияны өзүңөрдүн мекемелердин ичинен, өзүңөрдөн баштап жок кылууга силерге дагы бир мүмкүнчүлүк беребиз. Силер бул күрөштү мамлекеттик деңгээлде жүргүзүшүңөр керек. Убактыбыз аз. Жарым жыл, же бир жылдан кийин ишмердүүлүгүңөрдүн жыйынтыгын карайбыз», - деди президент.