Печать
Категория: Коом
Просмотров: 307

 

 

Картинки по запросу айымдос бозжигитов 

 

 

Премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитов менен жолугушту. Бозжигитов Кыргызстандагы дипломатиялык милдетин токтотуп жатат.

 

Кыргыз премьери казак элчисине Кыргызстандагы ийгиликтүү аракеттери жана эки өлкөнүн карым-катнашын жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Өз кезегинде Айымдос Бозжигитов Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ишенимдүү мамиле орногонун белгиледи.

Казакстандагы маалыматка караганда, Кыргызстанга Казакстандан элчи болуп Карим Кокребаев келет.