Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135


Премьер-министр Сапар Исаков Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынан соң журналисттер менен баарлашты. Берилген суроолорго алынган жооптордон улам Кыргызстандагы бир катар көйгөйлүү маселелердин чечилчү жолдорун, калкты бушайманга салып турган кымбатчылыктын болоор-болбосун  жана өкмөт башчынын эмнеден уяларын билип алдык.


“Акылдуу шаар” долбоору

 

Сапар Исаковдун айтымында, “Акылдуу шаар” долбоорунун инвесторлору жакын арада Кыргызстанга келет. Премьер-министр  инвестициянын шарапаты менен кыргыз өкмөтү бир канча миллион сом үнөмдөп калганын белгиледи. “Жакында Кыргызстанга инвесторлордун өкүлдөрү келишип, журналисттердин бардык суроолоруна жооп беришет. “АКА минералз энд майнинг” компаниясы долбоорго чогуу инвестор болууга Beijing China Veterans Lingxin Capital Management компаниясын тапты. Болбосо өкмөткө бул долбоорго 9 миллион доллар коротууга туура келмек”,- деди Исаков.

Анын  өкмөт башчысы катары башкы максаты аталган долбоорду ишке ашыруу.

 

“Бул жолу баарын туура жасадык деп ойлойм. Мамлекетибизге түз инвестиция келип атат, мында мамлекет үчүн коркунуч жок”,- деп кошумчалады.

 

ЖЭБдеги авариядан кийин катаал болууга аргасыз

 

 “Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал боюнча жоопкерчиликти өзүмө алаардан мурун көпкө ойлондум. Биздин энергосистемабыз идеалдуу эместигин, оңдоого муктаждыгын түшүндүм. Энергосистемада кесиби, адистиги туура келбеген кадрлар отурат деп нааразы болгон депутаттарга кошулам. Менде эми бардык маселелерди агрессивдүү жана ыкчам чечүүгө толук себеп бар”,- деди Сапар Исаков. Ал ошондой эле ЖЭБди модернизациялоону улантуу керектигин, анткени, эски жабдыктар бир күнү болбосо бир күнү  жарактан чыгып калаарын белгиледи.

 

Айбек Калиев тууралуу

 

Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин премьер-министрге жумуштан кетүү боюнча арызын жазып, бирок, аны Исаков кабыл албай койгону белгилүү болгон. Премьер-министр Айбек Калиевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызын эмнеге кабыл албай койгонун түшүндүрдү: “Адамга айып тагуудан мурда анын айыбы канчалык экенин  билүү керек. Калиев жана анын командасынын бул кырдаалда канчалык күнөөсү бардыгы белгилүү боло элек. Айрым саясатчылар “Калиевди кызматтан алыш керек” деп жатышат, мен мындан башка кызыкчылыкты көрүп атам. Мен ЖЭБдин директорун кызматтан алууну талап кылгам, анткени ал ишкана менен түз алектенет. А Энергохолдингде толтура компания бар. Айбек Калиев алардын баары үчүн жооп берет. Кырдаалды иликтеген комиссиянын корутундусун күтөлү. Андан кийин гана жыйынтык чыгарсак болот. Калиевдин пара алганын, же коррупцияга аралашканын көрө элекмин”,- деди премьер-министр.

 

Бушайманга салган тариф

 

Бишкек ЖЭБиндеги авария жылуулукка болгон тарифти көтөрүлүшүнө себеп болуп берет окшойт. Акыркы убакта ЖЭБдеги авариядан кийин айрым эл өкүлдөрү тарабынан жылуулукка болгон тарифти көтөрүү керектиги тууралуу айтыла баштады. Бул имиштерди өкмөт башчысы Сапар Исаков да бекемдеп, ЖЭБди ырааттуу иштетүүгө бир гана жол – тарифтерди көтөрүү зарылдыгын белгиледи. “Бул өтө таалылуу тема, бирок, маселени жашырып коюп, популизм менен алектене берсек, жыйынтык болбойт. Жылуулукка тарифти көтөрүү керек. ЖЭБ минуста иштеп, мамлекет тарабынан каржыланат. Ошондуктан  эски жабдыктарды оңдоого жетиштүү каражат жок. Шаардыктарга акыбалды туура түшүндүрсөк, туура кабыл алышат. Тарифти көтөрүп, анан ал тарифти толугу менен төлөй албай тургандарга камкордук көрүүбүз керек”,- дейт Исаков.

 

Исаков эмнеден уялат?

 

Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин жөө жүргөн депутаттар үчүн уялуусу элдин баарында “ким эмнеден уялат?”- деген суроо жаратты окшойт. Журналисттер Исаковдун да эмнеден уялаарын сурашты. “Уяла турган нерселер көп, адамдарга жамандык кылуудан уялуу керек. Мансабы өйдөлөгөн сайын бой көтөрүп калган адамдар үчүн уялуу керек. А коомдук транспортто жүрүүнүн уяты жок. Кайра адамдар менен баарлашып, пикирлерин уксаң жакшы эмеспи. Келечекте бийлик өкүлдөрү эл менен аралашып автобуста жүрүп калса, биздин жетишкендигибиз болот. Биз ошол нерсеге беттеп баратабыз”,- деди Исаков.

 

Премьер-министрлик кресло тууралуу

 

“Мага реалист болуп, адамдарга реалдуу картинаны жеткире билүү маанилүү. Албетте, мен деле башка мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эле бул иште узагыраак иштеп, өлкөгө көбүрөөк пайда алып келүүнү каалайм. Бир катар долбоорлорду ишке ашыра баштадык. Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат. Бирдемени жашырып коюу менин принцибимде жок. Маселени ачык айтып чечүү керек. Премьерлик креслону жоготуудан коркпойм”,- дейт өкмөт башчы.

 

 

Г.Турусбекова, Булак: “Майдан. kg” гезити