Бул тууралуу Улуттук Энергохолдингден билдиришти.
Мындан мурда жылуулукка бишкектиктер январь айына 26 күнгө гана акы төлөй турганы айтылган. ЖЭБдеги авариядан улам шаардагы көп кабаттуу үйлөргө беш күн жылуулук берилген эмес, ошондуктан, бул күндөр үчүн акы төлөөдөн шаардыктар бошотулушкан.
Эми февралдагы эки күндүн акысын да эсептен чыгарууну Энергохолдинг чечти. Анткени, ЖЭБдин иши калыбына келгенден кийин да жылуулук бардык абоненттерге дароо жеткен эмес.
Ошондо, бишкектиктер 27-январдан 2-февралга чейин 7 күндүн акысын төлөшпөйт.