Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын чыгымы ЖЭБдеги авариядан улам 30-50 миң сомго жогорулады. Бул тууралуу мэр Албек Ибраимов шаардык кеңештин жыйынында билдирди.

 

Айтымында, шаардагы ысык тамак берилүүчү социалдык жайларды ачууга жана башка чыгымдарга каражат акимиаттын резервдик фондунан алынган.

 

“Каражат төрт акимиаттан алынды. Демөөрчүлүк жардамдар да көрсөтүлдү, бир катар мейманканалар бекер номерлерди беришти”, - деди мэр.

 

 Эске салсак, 26-январда ЖЭБде авария болуп, бишкектиктер беш күн жылуулуксуз калышкан.