Оштогу 2,6 жаштагы баласын ырайымсыздык менен сабаган эне энелик укуктан ажыратылышы ыктымал.
Бул тууралуу Оштогу социалдык өнүктүрүү Башкармалыгынын башкы адиси Нурлан Закиров маалымат каражаттарына билдирген.
Анын айтымында, башкармалыктын кызматкерлери баланы ооруканага барып көрүп келишкен. Анын энеси 1994-жылы Кара-Кулжа районунда туулган, учурда Кара-Кулжа айылында жашайт. 2015-жылы туулган баласын жалгыз бой чоңойтуп жаткан. Аялда баласынын туулганы тууралуу күбөлүгү жок, алган эмес.
«Баланын акыбалы оор. Эгер энесинин сабаганы тастыкталса, аял энелик укуктан ажыратылат», - дейт башкы адис.