Печать
Категория: Коом
Просмотров: 157

 

Бишкек шаарынын мэриясы шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна жол кирени кымбаттатуу боюнча маселени азырынча алып чыкпайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Эске салсак,  2017-жылдын сентябрында мэр Албек Ибраимов шаар ичиндеги жол кирени кымбаттатуу зарылдыгын билдирген. Айтымында, жол кире 50 пайызга көтөрүлмөк, анткени, учурдагы жол кире кетирилген чыгашаларды жаппайт.

 

Соцтармактарда мэрдин мындай билдирүүсү катуу сынга алынган. Ошондон кийин кайра кайталанбай, тынчып калышкан.

Мэриянын билдиргенине караганда, жакынкы аралыкта да бул маселе жандандырылбайт.