Бишкек шаарынын Свердлов райондук сот аткаруучулар бөлүмү кызматы президент Сооронбай Жээнбековдун «24.kg» МАсына карата доосунан баш тартканын аталган агенттикке билдиришкен.
Анда айтылгандай, доочу Сооронбай Жээнбеков маалымат агенттигинин үстүнөн ар-намысына шек келтиргени үчүн жазган арызын жана андан өндүрүүчү 5 миллион сом компенсацияны жокко чыгаруу үчүн арыз жазган.
Мындан улам «24.kg» Мага карата аткаруу өндүрүшү токтоду.
Эске салсак, соттук ишке себепкер - аталган агенттикке 2017-жылдын 11-сентябрында журналист Кабай Карабековдун жарык көргөн «Сочиге сапар. Кремль кайрадан мураскер эмнеси менен жакшы экенин түшүндүрдү» аталыштагы макаласы болгон.