Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

 

Бишкек шаардык сотунда экс-адилет министри Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча Ленин райондук сотунун чечими каралды.

Эске салсак, Салянованын адвокаты райондук соттун чечимин шаардык сотко даттанган.

 

Салянованын адвокаты Чинара Жакупбекова тергөө учурунда КР кылмыш жаза кодесинин нормалары бузулганын айтты. Ал биринчи инстанциядагы сотто айыптоодогу башкы күбө дагы Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда мыйзам бузуу болбогонун билдиргенин белгиледи.  

Экс-министр бул кылмыш ишин саясий буйрутма деп баалады.

 

Ленин райондук соту Салянованы беш жылга абак мөөнөтүнө кесип, үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Жаза мөөнөтүн кичинекей кызы 14 жашка толгондо аткара турганын белгилеген.

 

Адвокат Жакупбекова райондук соттун мындай өкүмүн жокко чыгарууну шаардык соттон өтүндү.

 

«Бул чечимде обьективдүүлүк, укуктуулук гана жок болбостон адискөйлүк да жетишпейт. Ошондуктан жокко чыгаруу керек», - деди адвокат.