Премьер-министр Сапар Исаков Улуттук Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызын эмнеге кабыл албай койгонун түшүндүрдү:
«Адамга айып тагуудан мурда анын күнөөсүнүн деңгээлин билүү керек. Калиев жана анын командасынын бул кырдаалда канчалык күнөөсү бар. Мен Энергохолдингге бул көрсөткүчтөрдү көрсөтүүнү тапшырдым. Айрым саясатчылар Калиевди кызматтан алыш керек деп жатышат, мен мындан башка кызыкчылыкты көрүп атам. Мен ЖЭБдин директорун кызматтан алууну талап кылгам, анткени ал ишкана менен түз алектенет. А Энергохолдингде толтура компания бар. Айбек Калиев алардын баары үчүн жооп берет. Кырдаалды иликтеген комиссиянын корутундусун күтөлү. Андан кийин гана жыйынтык чыгарсак болот. Калиевдин пара алганын, же коррупцияга аралашканын көрө элекмин», - деди премьер-министр.