Бишкектеги жүргүнчү ташуучу кичи автобустар лицензия алышкан, бирок, мэрия менен келишимсиз иштешет.
Бул тууралуу вице-мэр Геннадий Милицкий билдирген.
Айтымында, 2013-жылы шаардык кеңештин депутаттары маршруткалар боюнча атайын акыбалдагы сынак жарыялоону иштеп чыгышып, бекитишкен. Ага ылайык кичи автобустар паркы толугу менен жаңыртылмак.
Бирок, кичи автобустардын ээлери Райондор аралык сотко кайрылышкандыктан, ушул учурга чейин сотттук териштирүүлөрдөн улам сынак жүргүзүлбөй келет.
Вице-мэр маршруткалар качан мыйзамдуу иштешээрин так айта албастыгын билдирген. Айтымында, жарым жыл аралыгында сынак өткөрүлүшү мүмкүн.