Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

 

Москва райондук сотунда Темир Жумакадыров каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш ишинин негизиндеги сот отуруму аяктап, сот өкүмү чыкты.

Айыпталуучу Афтандил Таалайбек уулу жол кырсыгынан көз жумушкан маркумдардын артында калган жакындарынан кечирим сурады.

 

«Мен атайылап кылбадым. Кимдир бирөөнүн өлүмүн каалаган эмесмин. Кокустук болду. Жакындарынан кечирим сурайм», - деди айыпталуучу.

 

Кеңешүүчү бөлмөдөн чыккан сот өкүмдү окуду. Ага ылайык, Афтандил Таалайбек уулу 10 жылга жатак-колонияда жаза мөөнөтүн өтөөгө кесилди.

 

Ошондой эле сот ага 2,1 млн сом айып пулду президенттик жана өкмөттүн аппаратынан пайдасына салды.

 

Эске салсак, 2017-жылдын 7-октябрында жол кырсыгы болуп, анда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза табышкан.