Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жана анын айдоочусу менен жардамчысынын өмүрүн алып кеткен жол кырсыгына айыптуу делген жаранга прокурор 11 жыл жаза мөөнөтүн жатак-колонияда өткөрүүнү сурады.
Кылмыш ишин Москва райондук соту кароодо.
Жол кырсыгына себепкер болгон КамАЗдын айдоочусу 25 жаштагы Афтандил Таалайбек уулу айыбын тергөөдө толугу менен моюнуна алган.
Прокурор айыпталуучу 2017-жылдын 7-октябрында Чалдовар-Бишкек унаа жолунда автоунаасын айдап келатып жол эрежесин бузуп, каршы тилкеге чыгып, Тайота Прадо менен кагылышканын айтты. Бул кагылышуу вице-премьер-министрдин, анын жардамчысынын жана айдоочусунун өмүрүн алып кеткендигин белгилеген прокурор айыпталуучуга жатак –колонияга 11 жыл жаза мөөнөтүн чегерүүнү сурады.