Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142

 

«Электрдик станциялар» ААКсынын жетекчилиги Бишкек ЖЭБиндеги жаңы блокту күйгүзүүгө буйрук беришкен эмес.

 

Бул маалымат жыйынында белгилүү болду.

 

Анда айтылгандай, Бишкек ЖЭБинин башкы инженерии жаңы блокту күйгүзүүгө ыйгарым укуктуу. Бирок, буйрук «Электрдик станциялар» ААКсынын диспетчердик борбордук кызматынан келиши керек. Бул кызмат компаниянын башкы директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевге баш ийет.

 Жаңы блокту күйгүзүүгө 10 саат керектелсе, эски буу казанды ишке киргизүүгө 3 саат жетиштүү. Авариядан кийин 2 буу казан гана иштеп калган. 6 буу казан токтотулган. Ага чейин жалпысынан 8 эски буу казан жана бир жаңы блок иштеп турган.

 

 А Бердибек Боркоев «Кыргызстан Улуттук электрдик тармагы» ААКсын  атап, жаңы блокту күйгүзүүгө буйрук ошол жактап келиши керек дегендей кылды. Бирок, аталган ААКнын башкы директору Медетбек Айткулов бул маалыматты дароо жокко чыгарды.

 

Айтор, энергетиктер маалымат жыйынында бири бирине айыпты жүктөп, кайра баары бирден актанышып, далилдүү маалымат айта албай алакташты.

 Акыр аягында Б. Боркоев жаңы блокту күйгүзүүгө буйрук бере алаарын, бирок, ошол убакта башка чечим кабыл алганын айтты.  Айтымында, жаңы блокко суу көп керектелгендиктен эски буу казандарды ишке киргизе башташкан. А жаңы блок жакынкы убакта ишке берилет.