Печать
Категория: Коом
Просмотров: 141

 

Санкт –Петербург шаарындагы Красногвардейск районунда Кыргызстандын жараны мекендешине бычак сайган. Бул тууралуу «Невские новости» жазып чыкты.

 

Маалыматка караганда, бычак жеген адам оор акыбалда ооруканага жеткирилген.

 

 Мекендештер алкоголдук ичимдиктерди ичип отурушуп уруша кетишкен. Бири экинчисин бычак менен сайган.

 

Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучу көкүрөк тушунан оор жараат алган.

 

Кылмышкер окуя болгон жерден кармалган. Ага карата кылмыш иши козголду.