Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142

 

Бишкек ЖЭБинде дагы авария орун алганын «Электр станциялары» ААКсынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, №24 кошумча казан жылыткычты кошу учурунда трубада беш милиметрге жеткен эки жарылуу болгон. Адистер шашылыш чара көрүп, изоляцияны ачып, трубаны жамашкан. Учурда ал жерди калыбына келтирүү иш аракеттери жүрүүдө.

 

ААКнын билдиргениндей, бул -20 градуска жеткен аба ырайынын суук температурасынан улам болгон.

 

 «Учурда №23 кошумча казан агрегаты ишке киргизүүгө даярдалууда. Тармактык суунун температурасы 50дөн 60 градуска чейин жылуу. Күчөүлгөн тартиптеги иш аракеттер сакталууда, жылуулук басымды көбөйтүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз», - деп билдирет ААКы.